13-февраль: көпчүлүк аймакта күн ачык болот

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:03

13-февралда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жок. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн-2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Бишкекте 13-февралда жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 11…13 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!