14-февраль: Бишкекте кар жаайт

13-Фев. 2018, Шейшемби, 14:53

14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде 15-20 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4,

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук.

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Бишкек шаарында кар жаайт. Жолго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2, күндүз +2…+4 градус жылуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!