Май ташыган унаа кулап, күйүп кетти

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:40

Күйүүчү май ташыган унаа кулап толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 19-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 11:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында “Рено” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп толугу менен күйүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!