​Сулайман тоосунда бир жаран өзүнө кол салды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 14:31

Ошто жаш бала өз жанын кыйууга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарында Сулайман-Тоо тоосунда 1998-жылы туулган бала өзүн-өзү өлтүрүү үчүн колунун кан тамырын кескен. Ал жерге куткаруучулар жеткенге чейин, жабыркаган жигитти медициналык тез жардам кызматы келип алып кеткен.

Азырынча бала эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!