​Тоноочулук менен шыгуулданган топ кармалды (фото)

22-Фев. 2018, Бейшемби, 13:24

ИИМдин тергөө тобу каракчылык, уурулукка жана акча алмаштыруу жайынын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүүлөр 21-февралда ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалган.

Тергөөгө ылайык, 2014-жылы ТТ маркасындагы тапанча менен куралданган топ медициналык беткап, колкап алып акча алмаштыруу жайында иштеген 1992-жылы туулган И.Темирбердиев жашаган "Көк-Жар" конушун көздөй барышкан. Ал үйүнө келген учурда кол салып, ок чыгарган. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырып, жабыркаган жаран ооруканада каза болгон.

Кармалгандар ушундай эле кылмыш иштерин 2011чи, 2012чи жана 2014-жылдары жасаганы аныкталган. Ишкерлердин үйүнө кирип курал менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акчаларын карактап жүрүшкөн.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо аракеттери жүрүүдө.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!