​23-февраль: күн ачык болуп кар жаабайт

22-Фев. 2018, Бейшемби, 14:42

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;

Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7;

Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -1...-6;

Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!