​Алты адамды бычактап качып кетти

22-Фев. 2018, Бейшемби, 15:00

Базар-Коргон районунда 6 жаран бычак жеп бирөө каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалда кирип келген 1984-жылы туулган жаран мурдагы аялын жана анын ата-энесин, 6 жаштагы баласын бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер качып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен кошунас бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми калгандары ооруканага жеткирилген.

Кылмышка шектүү бүгүн эртең менен кармалды. Ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!