27-февраль: тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:02

27-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн - 8…-13, күндүз -1…-6;

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 5...10;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;

27-февралда Бишкекте мезгил мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!