​Эки аял көлмөгө чөгүп кетти (фото)

1-Март 2018, Бейшемби, 16:23

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-мартта болжол менен саат 10:45 чамасында 45 жаштагы эки аял сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 11:00дө кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу жана ӨКМнын Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул тартылган.

Саат 13:23тө куткаруучулар жана суучулдар тарабынан сууга чөккөн эки аялдын жансыз денелери суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!