​3-март: жаан карга айланат

2-Март 2018, Жума, 18:29

3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-мартта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл областында түнкүсүн -1…-6 күндүз 2…7

Нарын областында түнкүсүн -5…-10 күндүз 0…-5

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1 күндүз 6…11

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5 күндүз 6…11

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4 күндүз 8…13

Баткен областында түнкүсүн -1…+4 күндүз 8…13

Бишкек шаарында 3-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 күндүз 8-10 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!