​Трактор менен кагышып каза болду

​Трактор менен кагышып каза болду
15-Март 2018, Бейшемби, 11:39

Чүй облусунун Сокулук районунда трактор менен жеңил унаа сүзүшүп 1 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 13-мартта саат 19:30дар чамасында Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Анда 37 жаштагы жаран унаасы менен бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан трактордун чиркегичин сүзгөн. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан кырсык болгон жерде каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!