47 килограмм марихуна менен колго түштү

16-Март 2018, Жума, 09:43

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун 47 килограмм баңгизат менен колго түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылынын 26 жаштагы тургунунун үйүн атайын текшерген учурда сарайынан 47 килограмм марихуана баңгизаты табылган. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!