Курулуштан өрт чыкты (видео)

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:02

18-мартта Бишкектеги Тунгуч-2 кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул туурлуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Тунгуч кичи районундагы №62 көп кабаттуу үйдүн жанында жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн саат 17:00 чамаларында өрт чыкан.

Өрт саат 18:04 чамасында толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жер төлөдө курулуш материалдары жана таштандылар күйүп кетти. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!