​22-мартта жаңы темир жол каттамы ишке кирет

20-Март 2018, Шейшемби, 09:21

Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезд каттамы 22-марттан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, №455/456 жүргүнчү поезди жумасына бир жолу каттайт.

22-март бейшемби күнү Өзбекстандан чыгып, 23-мартта жума күнү Балыкчыга жетет. Ал эми ишемби күнү Балыкчыдан кайра Ташкентке жолго чыгат.

Поездде 7 жүргүнчү, 3 плацкарталык вагон жана 1 вагон ресторан бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!