​Суюк героин таратуучу топ колго түштү (фото)

20-Март 2018, Шейшемби, 10:33

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган топ Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган. бул топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн. Баңгизат Желалабад шаарынан (Афганистан) –Кожент шаарына (Тажикстан) андан Бишкек шаары маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.

"Кыргызстандан чыккан бал" катары атайын идиштерге куюлуп, аба жолу аркылуу Канаданын Торонто шаарына жеткирилип турган. 2018-жылдын 12-мартында оперативдик издөө иштеринин алкагында Афганистан менен Кыргызстандын жарандары кармалды.

Кармалгандардын батиринен ширелердин эки литрлик сегиз желим бөтөлкөсү табылды. Алардын ичиндеги суюктуктун түбүнө күрөң түстөгү зат уюп калган. Таразага тартканда 17 килограмм 695 граммды түзгөн

Мындан тышкары, батирден "Кыргызстан балы" деген жазуусу бар желим бөтөлкөлөр жана аларды жабыштырууга ылайыкталган электр үтүктөрү табылган. ИИМдин криминалдык башкармалыгы чыгарган бүтүмгө караганда, алынган каражаттар баңгизаты болуп эсептелет.

Маалымат катары, "Алланын көз жашы" деп аталган баңги суюктугу бир нече жыл мурда Афганистанда пайда болгон.



Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!