​Апрелде аба ырайы кандай болот?

20-Март 2018, Шейшемби, 11:11

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык апрель айында Кыргызстанда абанын температурасы 1 градустан 29 градуска чейин жогору болушу күтүлөт

Апрелде аба ырайынын божолдуу абалы төмөнкүдөй:

Чүй, Талас

Аталган облустардын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, Чүй өрөөнүндө 12…14 градус, Талас өрөөнүндө 10…12 градус жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 6…8 градус жылуу болору күтүлүп жатат.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 8…13 градус, күндүз 16…21 градус ысыктан 23…28 градус ысык болуп өзгөрүлүп турат. Айдын аягында абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуу, күндүз 15…20 градуска чейин ысыйт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүп, тоо этектеринде абанын температурасы —3…-5 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан жогору болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Түштүктөгү үч облустун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, 13…15 градусту түзөт. Тоо этектеринде 9…11 градуска чейин жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 9…14 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 16…21 градус ысыктан 24…29 градуска чейин жетет.

Тоо этектеринде ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин жылыса, күндүз 15…20 градус ысыктан 21…26 градуска чейин көтөрүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн 0…-2 градус суук болуп үшүк жүрүшү мүмкүн.

Нарын

Облустун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 7…9 градуска чейин жылуу болот.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи жарымында түнкүсүн 0…-5 градус суук болот. Күндүз күндүн табы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градуска чейин жылып, күндүз 17…22 градуска чейин ысык болот. Кочкор районунда 21…26 градуска чейин ысышы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болот деп болжолдонууда.

Ысык-Көл

Облустун дыйканчылык аймактарында айлык орточо температура климаттык нормага жакын болуп, 7…9 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус жылуу болсо, айрым түндөрү -2…-4 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 13…18 градустан 20…25 градуска чейин ысыйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!