​Жаш кыздан бычак жеп каза болду

22-Март 2018, Бейшемби, 15:12

Ноокатта 19 жаштагы кыз чогуу иштеген адамга бычак сайды. Ал ооруканага жетпей каза болду. Бул туурасында Ош ОИИБнан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 18-март күнү Ноокат районундагы кафелердин биринде болгон. Ноокаттагы кафеде официант болуп иштеген кыз менен ошол кафеде самса жасап иштеген 23 жаштагы жарандын ортосунда пикир келишпестик болуп. Мындан улам кыз жигиттин көкүрөгүнө бычак урган. Бычактан алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул окуя боюнча Ноокат РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектелип кармалган кыз убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!