​“Ар бир айылга интернет” долбооруна ДБ каражат бөлөт

22-Март 2018, Бейшемби, 15:23

Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтүнө 50 млн. доллар берүү боюнча келишимди бекитти. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, бөлүнгөн каражаттын 25 млн. доллары гранттык негизде берилет. Долбоордун алкагында интернет түйүнүн өлкөдөгү ар бир айылга жеткирүү каралат. Бул өз кезегинде адамдын потенциалын жогорулатып, миңдеген жаштардын интернет аркылуу билим алуусуна шарт түзүп, санариптик коомдун түзүлүшүнө жол ачмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!