​Унаасын алдап алып сатып жиберген

23-Март 2018, Жума, 16:40

Бишкек шаарынын тургунунун унаасын алдап алып, сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 2017-жылы «М» аттуу жаран кичи райондордун биринен жабырлануучуга таандык автоунааны, башка бирөөгө сатып жибергенин билдирип арыз менен кайрылып, ага карата тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Жабырлануучу 2 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү зыянга дуушар болгон.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!