​27-март: аймактарда жаан-чачын болот

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:59

27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында жамгыр жаап, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектерине, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Тоолуу жолдордо муз тоңот.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт, нөшөр болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!