​Өрт кызматкерлерине 6 кылмыш иши козголду

27-Март 2018, Шейшемби, 12:00

Аскер прокуратурасы ӨКМнын өрт кызматкерлерине карата 6 кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, үч ай аралыгында Аскер прокуратурасы өрт кызматындагы мыйзам бузууларды аныктап, тиешелүү кызмат адамдарына карата иш козгогон. Алар нормага жооп бербеген турак жайларга өрт-техникалык коопсуздук корутундусун беришкен.

Тактап айтканда алар көп кабаттуу турак жай курулууда бардык өрт коопсуздук чаралары эске алынышы керек. Бирок 2016-2017-жылдары өрткө каршы күрөшүү кызматынын адистери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, нормага жооп бербеген турак жайларга оң корутунду беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!