​Гинеколог: “Ичиме жаздык таңып алайын деп кайрылгандар бар”

5-Апр. 2018, Бейшемби, 16:32

Бүгүнкү “Каарман” рубрикабыздын коногу жаш гинеколог Айпери Мурзалымбекова «Zaman.kg» сайтына кызыктуу маек куруп берди.

Каарманыбыздын кичи мекени Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылы болот. Ал азыркы убакта Бишкек шаарындагы жеке менчик клиникалардын биринде гинеколог болуп эмгектенет.

-Айпери айым, айтсаңыз сиз врачтардын иши оор экенине карабастан, бул кесипти эмне үчүн тандап алдыңыз. Дарыгер болуп иштеп калууңузга эмне түрткү болду?

-Бул кесипти тандоого апамдын салымы чон десем туура болот. Анткени, апам медицина кызматкери болуп 35 жыл эмгектенди. Азыр ал киши эс алуу өргүүсүнө чыккан. Мен кичинекей кезимде апамды ээрчип жумушуна көп бараар элем. Анан ошондон улам больницанын жыты мага сиңишип калган окшойт. Ошондуктан мен да чонойгондо апам сыяктуу доктор болом деп кыялданчумун. Ошол кыялымды орундатуу үчүн 2005-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Мединциналык Академияга тапшырып, бирок ал жылы окууга өтпөй калдым. Анан эжем өзүндөй бухгалтер кесибинин ээси болуумду каалап, бир канча университетке алып барды. Бирок, мен эжемдин сунуштарына такыр көнбөй, жок мен медик болом деп көгөрүп жүрүп, ошол жылы Бишкектеги Медициналык кесиптик окуу жайына тапшырып, ал жакты 2008-жылы кызыл диплом менен аяктадым. Ошол жылы эле кайрадан Медициналык Академияга тапшырып, дагы өтпөй калдым. Окууга экинчи ирээт өтпөй калганыма аябай ичим ачышып, өзүм жаман болдум. Анан кесиптип окуу жайды окугандан кийин жөн жүрбөй деп Бишкектеги Кардиохирургиянын операция жасоо бөлүмүндө медайым болуп 1 жылдай иштедим. Ал жактан өзүмө жакшы тажырыйба да топтоп алдым. Анан ошентип 2009-жылы кайрадан үчүнчү ирээт КГМАга тапшырып, үчүнчүсүндө гана бактыма жараша ал жакка өтүп кеттим. Окуп жүргөндө алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн башка студентердей болуп окуу менен гана чектелбестен түнү медайым болуп иштеп, күндүзү окуп жүрүп окуумду ийгиликтүү аяктадым. Ал эми ординатураны акушер жана гинекология жагын тандап, ушул кесиптин ээси болуп, учурда шаардагы жеке менчик клиникалардын биринде иштеп жатам. Андан сырткары Ультраүндүү диагностика УЗИ жагын да окуп жана иштеп жатам.

-Азыркы учурда врач болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

-Мен өз кесибимди абдан жакшы көрөм, сыйлайм. Анткени, врач болуу жеңил эмес. Абдан оор. Врач болуу үчүн биз 8 жыл күнү-түнү окуп жүрүп, окуубузду бүтүрөбүз. Мисалы, мен врач болуу үчүн 12 жыл убактымды, эмгегимди кетирдим. Ошондуктан врач болуп калганыма эч өкүнбөйм. Тескерисинче, бул кесиптин ээси болуп калганыма сыймыктанам. Мындан улам эгер мен бул дүйнөгө кайра жаралсам, анда кайра эле медицина тармагын тандамакмын.

-Бул тармакта канча жылдан бери эмгектенесиз жана бул аралыкта сиз эмнеге жетише алдыңыз?

-Акыркы 3 жылдан бери гинеколог болуп иштеп жатам. Медицинада иштей турган, жазай турган нерселер абдан көп. Анткени медицина күндөн-күнгө жаңыланып, өнүгүп жатат. Ошондуктан мен бир жерде токтоп калбастан чет өлкөлөргө чыгып, ал жактан жакшы тажырыйба топтоп келип Кыргызстандын медицинасына салым кошкум келет. Кудайым буйруса мен жетише турчу ийгиликтер баары алдыда. Оюмда жазай турчу, ишке ашыра турчу иштер, пландар көп. Ошондуктан аман болсок анын барын акырындык менен ишке ашырам деп ойлойм.

-Негизи эле врачтарга ар кандай суроолор менен кайрылган адамдар көп. Анан сизге жакпаган суроолорду же кыжырды келтирген көрүнүштөрдү айтып берсеңиз?

-Эми бизге жакпаган суроону ар бир врачка эле берилесе керек деп ойлойм. Бизде медик врач десе эле бүттү сенин гинеколог врач экениң менен эч кимдин башы оорубайт. Анан ар кандай суроолорду бизге бере беришет. Мисалы келтирсем. Өткөндө 17 жылдан бери көрө элек таанышым телефон чалып алып «баламдын ичи ооруйт жардам бер, эмне кылам?»,- дейт. Мен эми педиатр эмесмин, бирок жардам берейин деп тааныштарга жибердим. Кудайга шүгүр операция болуп жакшы экен азыр. Ушундай суроо менен тааныштарым көп кайрылат. Анан жооп бергенге туура келет. Жаман айта албайсын. Дагы бир кызык окуя 2-3 күн мурун бир кыз түнкү саат 2де мага жазат. «Эже мен боюмда барбы же жокбу билбей жатам?»,- дейт. Ага алтыным азыр саат канча болду десем, «саат 2»,- дейт. Нормальный элдер уктап жатат, сен мага эртең эрте менен кабылдамага кел десем. «Оштомун»,- дейт. Ушундай кызыктуу суроолорго көп кабылып турасың.

-Сиз иштеп баштагандан бери кандай кызыктуу окуяларга жолуктуңуз?

-Көп эле кызыктуу окуяларга туш болуп келе жатам. Жакшысына дагы, жаманына дагы. Бир окуяны айтып берсем. Бир жолу бир кыз кабылдамага келди. Байкуш ал турмуштан кыйналган кыз экен. Кыз эрте турмушка чыгып боюнда болбой жүрүп бойунда болуп, анан бойунан түшүп калыптыр. Бирок, ал кыздын боюнан түшүп калганынан кайын энеси менен жолдошу билбейт экен. Анткени, кыз боюнан түшүп калганын үйүндөгүлөргө айтпай, аларга боюмда дагы эле бар деп алдап келиптир. Анан ал кыздан сурадым. Эмне үчүн чындыкты үйүндөгүлөргө айткан жоксуң десем. Ал айтат, мен бойумдан түшүп калганын айтсам, мени үйдөн кетирип салышат, анан мен кайда барам. Апам жок, эрте эле каза болуп калган. А атамдын башка үйбүлөсү бар. Өгөй апам мени эрте жашымда турмушка берген. Кайын энем менен жолдошум урушат дейт. А мага эмне суроо менен келдиң эле, сага кандай жардам кылайын десем. Кишини шок кылып айтат, мага бала таап беринизчи? Мен ага чейин ичиме жаздык салып турайын, андан кийин төрөдүм деп үйгө алып барайын дейт. Аны угуп алып бир чети күлкүм келди, бир чети зээним кейиди. Анан аны отургузуп алып баарын түшүндүрдүм. Мындай нерсе болбойт, андай кылба, мындай кыл, даарылан кудайм буйруса сенда наристелүү болосуң деп үйүнө кетирдим.

-Учурда врачтардын айлыгы 5 миң сом эле экени социалдык тармактарда айтылып, кызык талкууга алынып жаткан кези. Ошондуктан сыр болбосо, канча айлык аласыз жана айлыгыңыз өзүңүзгө жетеби?

-Ооба, сиз айтып жаткандай эле врачтардын айлыгы аз болгон үчүн коомчулукта кызуу талкууга алынып келе жатат. Биз врачтар 8 жыл окуп, анан 4-5 миң сом айлык алган уят элего деп ойлойм. Врачтардан башка кесиптин ээлеринен айлык акысын сурасан баарыныкы айлыктары жакшы. Алар минималду 8-10 миң сом айлык алышат. Андар сырткары укук коргоо кызматында иштегендерди жана башка кесиптин ээлерин колдоо максатында мамлекет тарабынан үй курулуп берип жатат. Ал эми медиктерди ойлогон эч ким жок. Мисалы, менин айлыгым боюнча сурап калдыныз. Мен эки жерде иштегендиктен улам тапкан акчам жалгыз башыма жетет. Бирок, мен үйбүлө бакпаганымды, батирдин акысын төлөбөгөнүмдү жана продукты албаганымды эске алганда. А эгер 4-5 миң сомдук айлык менен квартирада жашаган үйбүлөлүлөрдү элестетип көргүлө, кандай болот деп. Андай каражат менен бир айда жашаш кыйын.

-Айпери айым, айтсаңыз Кыргызстанда акушер гинекологдордун абалы кандай? Бул кесип бизде кандай өнүккөн?

-Кыргызстанда акушер гинекологтордун абалы менин оюм боюнча оор эле. Жетишпеген көп нерселер бар башка өлкөлөргө салыштырмалуу.

-Негизи эле кыргыз жарандары менталитетке жарашабы же уяң мүнөздүгүнөнбу айтор оорусун жаап жашырып койгон учурларда да көп кездешет деп айтып калышат. Ушуга сиз канчалык деңгээлде кошуласыз?

-Карап отурсак аялзаты ушундай заты болот экенбиз, көп нерсени өзүбүздөн аяп коет экенбиз. Аялдар көп ооруларды өрчүтүп жиберип анан врачка кайрылышат. Бирок, ар бир ооруну алдын алуу жакшы. Биздин кыз келиндер кош бойлуу кезде каттоого турбай коюшат. Анысы аз келгенсип ооруларын жаап жашырып коет, анан аны баары төрөт убагында чыгат. Айтсак, аз кандуулук, талма, жүрөк оорусу, өпкө жана бөйрөк оорулары көп кездешет.

-Жаш кыздарга, өзгөчө жаңы турмушка чыгып жаткан кыздар менен кош бойлуу айымдарга эмне дейт элеңиз? Аларга кандай кеңештерди бересиз?

-Жаш кыздарга айтарым ар бир нерсенин өз убактысы болот. Ошондуктан жыныстык турмушту эрте баштабагыла, андан көрө ошол убактынарды окууга арнасанар дейт элем. Силер дагы болочоктогу энесинер.

Коом таза болуш үчүн ар бир адам өзү таза болуш керек. Ден соолугу дагы, ички дүйнөсү дагы. Ал үчүн эмне кылуу зарыл. Туура тамактануу, спорт менен машыгуу жана өзү менен өзү иштеп жаман ойдон, жаман сөздөн алыс болушу керек. Андан сырткары ар дайым жылмайып жүрсө нерв ооруларынан алыс болот.

Кыргыз элиме чың ден соолук, көп жашаныздар, элибизде тынчылык, бейпилчилик болсун. Аман болуңуздар деп кааламакчымын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!