Айзат Алтымышова: "Бөлмө гүлдөрүнүн сыры көп"

3-Май 2018, Бейшемби, 17:58

Ар бир айым үйүндө ажайып кооз гүлдөрдүн болушун кааласа керек. Негизи үйдө өскөн гүлдөрдүн көпчүлүгү бизге алыскы өлкөлөрдөн келген. Ошого жараша ар бир гүлдүн өзүнүн мүнөзү бар. Кээ бири күндү, сууну жакшы көрсө, кээ бири тескерисинче сууну жактыра бербейт. Бөлмө гүлдөрү башка өсүмдүктөрдөн айырмаланып, үйдөн сыртка чыкпайт, үйдөгү адамдарды жаратылышка жакын болууга үйрөтөт. Мына, ошол гүлдөр тууралуу бизге гүл сатуу боюнча үй-бүлөлүк чакан бизнестин ээси Айзат Алтымышова сыр ачып берди.

-Гүл өстүрүүдө кандай кыйынчылыктар болот?

-Кыйынчылык көп эле болот, гүлгө өз убагында суусун куюп, топурагын которуп туруш керек. Мурда биз тоодогу кара топуракты эле алып келип өстүрүп койчубуз. Азыр болсо андай топуракка гүл өспөйт. Гүл өстүрүүдө кичинекей эле ката кетирип алсаң, ал гүл өспөй, ооруп, сабагы куурап, жалбырагы саргайып кетет. Ошондуктан гүлдү өз убагында карап, тазалап туруш керек. Гүл өстүргөн өтө кыйын. Бир эле гүлдү 4-5 жолу өстүрө албай кыйналсаң, алтынчы жетинчи өстүргөн гүлдөр жакшы өсүп баштайт, себеби такшалып калабыз. Жаңы өстүрүп баштаганда албетте бир аз кыйынчылык болот.

-Бул гүлдөрдүн түрлөрүн жана уруктарын кайсы жактан алып келесиздер?

-Менин гүлгө аябай кызыкканым үчүн гүл өстүрөм. Гүлдөрдү жалбырагынан эле өркүндөтүп өстүрүп алам. Аны өстүрүүдө эч кандай тамырын алып өстүрүү кажет эмес. Жалбырагын эле топурака өстүрсө болот. Айрым гүлдөрдүн уруктарын дүкөндөрдөн эле алып өстүрөбүз. Гүлдөрдүн жалбырак сабагынан эле көбөйтүп алса болот.

-Топурактарын кайсы жактан аласыздар?

- Азыр 10-15 килограммдан баштыктарда сатылат. Ал топурак бизге таза дарылары кошулуп, электен өтүп Россиядан келет. Биздеги тоонун кара топурагы болбойт экен. Анда ар кандай майда курттар бар, алар гүлдөргө терс таасир берип, гүлдүн өсүшүн токтотот.

-Гүлдөрдү өстүргөндө кандай витаминдер же азыктар колдонулат?

-Гүлгө витаминдерди топуракка кошуп өстүрүш керек. Же болбосо гүл саткан

дүкөндөрдө атайын гүлдүн суусуна кошулуп куюлуучу эпин, циркон витаминдер бар, ошолорду колдонуш керек.

-Гүл жарманкелеринде алардын бааларын канчадан сатасыздар?

-Гүлдөрдүн көлөмүнө тамырына жараша баа коюлат. Гүлдөр да чоң кичине 4 айлык 5 айлык болуп бөлүнөт. Кичирээк болсо 100 сомдон эң чоң гүлдөр 1000- 1500 сомго чейин болот. Негизи 100 сомдон жогору сатабыз.

-Гүл сатуу да сиздер үчүн бизнеспи?

-8-марттан бери бизнес кылып жатабыз, ага чейин үйдө өзүм хобби катары өстүрүп келгем. Бул эми гүл өстүрүп сатуу үй-бүлөлүк чакан бизнес десем болот. Гүл өстүрүү менин хоббим.

-Кандай гүлдөр үйдөгү бөлмөлөргө кооздук берет?

-Көбүнчө дайыма гүл ачып турган гүлдөр бөлмөгө кооздук берет. Кээ бир гүлдөр бар, алар бир жылда бир гүл ачат. Алар эч кандай кооздук бербейт. Бөлмөгө коозук берген гүл дайыма ачып 1 жума эс алып кайра ачып турса ал гүл ошол бөлмөгө кооздук кылат

-Сиз өзүңүз жактырып, көп өстүргөн гүлдүн тарыхы кандай?

-Мага Бегония Элатиор жана тропикалык гүлдөр жагат. Ушул гүлдөн кызыгуум башталган. Элатиор бул гибрид сортуна кирет. 1903-жылы Ригер деген селекционер кыйыштырып Элатиор деген ат берген. Кийин Бельгия, Дания, Голландия калган сортторун чыгарган. Бегонияны өстүрүш оңой, бирок көбүнчө адамдар аны катаал деп ойлошот. Себеби бегония Голландиядан келет, адамдарт сыяктуу эле ал бир жерден экинчи жерге көчкөндө стресс болот. Ошондон кээ бир адамдар сатып алышып жакшы карай албай өлтүрүп алышат. Чынында бегония эң жөнөкөй гүл стресстен арылтыш үчүн Эпин Циркон же Виталайзер менен бир аз дарылаш керек. Жаңы топурака көчүрүп, маал-маалы менен суу берип турса жакшы өсөт. Тропикалык гүл болгондуктан күндү сүйбөйт. Бегония Элатиор өзгөчө тынбай гүлдөшү менен абдан жагат, бул гулдүн гүлдөшү кыш айларына туура келет ошол мезгилде айлана аппак карга жамынып турганда терезеде ар түрдөгү Бегониялардын гүлдөшүнөн абдан ырахат алам. Тропик гүлдөрдун жагышынын себеби алар жарыкты көп талап кылбайт.

-Гүл ар бир аялзатынын кыялында. Көбүнчө кайсы гүлдөрдү алышат?

-Ар бир аялзаты гүлгө суктанат эмеспи. Майрам же туулган күндөрдө букет гүлүн алуу ар бир эле аялзатынын кыялы. Бирок букет гүлүнө караганда челектеги гүлдөр абдан чоң таасир берет деп ойлойм. Ошол себептен улам азыр челектеги гүлдөрдү белек катары көп алышат. Көбүнчө бегония элатиор, орхидея жана цикламендерди көп алышат.

-Кайсы гүлдөр пайдалуу?

-Каланхоэ, алоэ, герань гүлдөрү пайдалуу десем болот. Каланхоэ гүлүнүн жалбырагын майдалап жесе жөтөлгө пайдасы бар. Алоэ көп ооруларга пайдасы бар, ал эми герань көп өскөн жерде грипптин вирустары аз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!