27-майдын аба ырайы

26-Май 2017, Жума

Бүгүн, 27-майда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32;

Ысык-Көл жергесиндеде түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 28-29-майда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!