Теракт жасоого камынган жанкечти кармалды

8-Июнь 2017, Бейшемби

Бишкекте эл көп жерде теракт жасоого камынып жүргөн эл аралык терорристтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган жарандын берген маалыматка ылайык, ал жардыруу жана өзүн-өзү өлтүрүү боюнча идеологиялык даярдыктардан өткөн. Ошондой эле, жардыруучу заттарды жасап, башчыларынын буйругу менен эл көп жерде өзүн жардырууга даярданып жүргөн.

Анын жашаган жеринен жардыруучу заттардын курамы, аны даярдоонун жолдорун үйрөткөн нускама, аудио-видео материалдар, экстремисттик мазмундагы китепчелер, граната, ар кандай калибрдүү ок-дарылар табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!