Бүгүн, 23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28;
Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;
Бишкек шаарында 23-25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус ысык болот.
Ал эми 24-августта жана 25-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.