Назарбеков: "Эркектер сууга көп чөгүп каза болот"

23-Авг. 2017, Шаршемби

Бишкек шаары боюнча жыл башынан бери жалпы 14 адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта “Zaman.kg” сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысы, майор Мелисбек Назарбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкек шаарындагы көлмө жана каналдарга жалпы 14 адам чөгүп кетип каза болсо, 6 адам куткарылган.

“Биздин каттоо боюнча борбор калаа боюнча жыл башынан бери 14 адам чөгүп каза болгон. Алардын ичинен эң кичинекейи 9 жаштага бала. Ал эми кырсыктын көбү шаардагы каналдар менен ГЭС-5 көлмөсүндө болгон. Ошондой эле жайкы сууга түшүү сезон учурунда биздин кызматкерлер “Комсомол” жана “Пионер” көлмөсүнө чөгүп бараткан 6 адамды куткарып калышты. Куткарылган жарандардин ичинен үч адам 12 жашка чейинки өспүрүм балдар болсо, 18-29 жашка чейинки эки аял, бир эркек киши куткарылган. Бул жылы сууга чөгүп каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу аз. Анткени, 2016-жылы шаар боюнча 24 адам сууга чөгүп каза тапкан жана 17 адам куткарылган”,- дейт Назарбеков.

“Статистика боюнча алып караганда, аялдарга караганда эркектер сууга көп чөгүшөт. Анткени, эркектер спирт ичимдиктерин ичип алышып сууга түшүп жатып же көлмөнүн берки бетинен аркы бетине сүзүп өтүп бара жаткан учурда чарчап калгандыктан чөгүп кетишет”,-деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!