Аданова: “Бөтөн жерде бир туугандай сырдашабыз”

24-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргызстандан сырт кайсы өлкөнү албайлы, окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз арбын. Эң көп мигранттарыбыз мээнет кылып жүргөн калаа – Москва. Мекенинен оолак жүргөн кыз-келиндерге моралдык колдоо көрсөтүп, алардын башын бириктирип, “Айым” кыз-келиндер бирикмесин негиздеген журтташыбыз Шахризада Аскарова “ZAMAN.KGде” конокто.

-Шахризада, кыз-келиндер клубун ачууга кайсы жагдайлар түрткү болду?

-Москвага келгенге чейин Кыргызстанда ОшТВ, ЭлТР, КТРде иштеп жүрдүм. Жумуш менен өлкөбүздүн көп райондорунда болдум. Айыл жериндеги укугу бузулган, кыйналган аялдарды көрүп, аларга жардам бергим келчү. Москвада жүргөндө дагы бул жактагы мигранттардын жашоосун көрүп, аялдарга моралдык жактан колдой турган бирикме керек экенине ишендим. Ойлогон ойду ишке ашыруу деле оңой болгон жок. Идея пайда болгондон эки жылдан кийин иш жүзүнө ашырдым.

-Бөтөн жерде кыз-келиндерди чогултуу түйшүгү деле оңой болбосо керек?

-Адегенде түшүнгөндөрү аз болуп, эмнеге чогултуп жатат, балким бир партия же болбосо диний агым болсо керек деп чочулашты. Биринчи жолугушууга 10го жакын кыз-келиндер келишти. Азыр эми Москвадагы айымдардын баары эле билип калышты. Клуб түзүлгөндөн бери бизге келген кыз-келиндердин саны 10 миңден ашты. Жаш курагына чектөө жок. 18 жаштагы бийкечтен тартып 60 жаштагы апаларга чейин аялдар келишет.


-Москвадагы кыз-келиндердин жашоосундагы сени сүйүндүргөн жана өкүндүргөн нерселер эмне?

-Бул жактагы кыз-келиндердин жашоосунун материалдык абалын карасак, Кыргызстанга салыштырмалуу дурус. Ал эми моралдык жактан алганда алда канча жаман деп айтууга болот. Себеби, Кыргызстан эли үчүн Москва акча табуунун булагы болуп калбадыбы. Бул жакка келип иштеген аялдардын 60 пайызы үй-бүлөсү менен ажырашкандар. Тилекке каршы, иштейм деп келип адашып калгандары бар. Албетте булар кейитет. Кубандырганы – аз нерсеге каниет кылып, чоң ийгиликтерге, жеке бизнестерин ачууга жетишкен кыз-келиндерибиз арбын.

-Клуб кайсы багыттар боюнча иш алып барат?

-“Айым” кыз-келиндер клубу сегиз багытта иш алып барат. Айына кеминде эки ирет жолугушуп турабыз. Жолугушууда укук, ден соолук багыты боюнча шык, дем берүучү тренингдер болот. Биздин жолугушууга Москванын башка шаарларынан атайын келгендер да болот. Жолугушуубуздун эң негизгиси – бөтөн жерде эже-сиңдилерибиз бир туугандай болуп, бири-бирине жол көрсөтүп, алака-катыштарын чыңдайт. Мындан сырткары жолугушууда маданий иш-чараларды уюштуруп, улуттук кийимибизди, тамак-ашыбызды, каада-салттарыбызды даңазалап турабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!