Ишкерлик дүйнөсүн багынткан пенсионер айым

24-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган Гуля Мырзабекова башка пенсионерлер сыяктуу эле ардактуу эс алууга чыккан соң, үйдө бош отурбастан үй-бүлөсүнө жардамдашууну максат кылат. Ошентип, ал жакшы бир идея таппай жүрүп, аны интернеттен тапкан.

Колго жасалган зербуюмдар менен ишкерлик дүйнөсүн багынткысы келген Гуля аттуу айым менен “Zaman.kg” сайты маектешти, ал үйдө отуруп жакшы акча табууну максат кылган айымдарга үлгү болот деген ойдобуз.

Каарманыбыздын айтымына караганда, ал пенсияга чыкканга чейин “Кыргыз темир жол” ишканасында эмгектенип келген. Ал жакта 40 жыл эмгектенгенден кийин пенсия жашы келгендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. Үйдө бош убактысын текке кетирбеши үчүн ар кандай курстарга барып, тигүүчүлүк жана зергерчил боюнча билим алган.

“Пенсияга чыккандан кийин үйдө нерберелеримди карап отуруп калдым. Анан бош убакытыңда бар болот экен. Бул убакытты жөн гана өткөрүп жибербеш үчүн аны туура пайдаланууну туура көрдүм. Ошентип бир күнү колго жасалган зербуюмдарды кантип жасоого боло тургандыгын интернеттен көрүп калдым. Анан мага да кыздарга тиешелүү аксессуарларды жасоо идеясы келди. Учурда зергерчилик кесипти мен хобби катары көрөм десем болот. Жасаган продукциямды алгач туугандарга, тааныштарга бекер эле берип жүрдүм. Кийин аз пенсиямды карап, бийлик качан жардам берет деп отура бербестен, кошумча акча таап балдарыма жардам берүүнү ойлондум. Колго жасалган зербуюмдардын баалары ар кандай. Эң арзаны 100 сом болсо, кымбаттары 1000 сомго чейин. Ал эми аларды жасаганга ар кандай убакыт кетет. Мисалы, зербуюмдардын жөнөкөй жана татаалдыгына жараша убакыт кетет”,- дейт Мырзабеков.

“Жасап бүткөн зербуюмдарымдын көбүнчөсүнүн сүрөттүн “Фейсбук”, “Инстаграм” жана “Однаклассники” тиркемелерине жайгаштырып сатам. Бишкекте өтүп жаткан жарманке боюнча кызым айтып калып, биринчи жолу бул жакка катышып жатам. Бул жакка өзүм тиккен кийимдерди, колго жасаган зербуюмдарды жана сувенирлерди алып келгем. Элдин кызыгуусу жакшы. Жаман эмес. Ошондой эле тапшырыктарды көбүнчө интернеттен алам. Менин продукцияды Францияга, Германияга чейин алып кеткендер бар”,- деп кошумчалады ал.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!