​Каракол шаарынын ажайып көрүнүшү (фоторепортаж)

3-Окт. 2017, Шейшемби, 16:16

Каракол шаары Ысык-Көл облусунун борбору болуп эсептелет. Бишкек шаарынын 420 км аралык алыстыкта жайгашкан. Шаарда көп улуттун өкүлдөрү отурукташкандыктан учурунда түрдүү тарыхый архитектуралык имараттар салынып, азыркы мезгилге чейин сакталып калган. Мындан тышкары калаада жайы-кышы туристтердин саны үзүлбөйт.

Ыйык-Троицк православ чиркөөсү — Каракол шаарында орун алган. Чиркөө шаардагы эң кооз архитектуралык курулуштардын бири болуп саналат.

Шаардагы тарыхый имараттардын бири.

Дунган мечити — Каракол шаарында орун алган. Мечит кытай архитектурасынын стилинде Цин империясынын убагында салынган. Анын уникалдуулугу бир дагы мык кагылбай курулгандыгында. Мечит жергиликтүү мусулман дунган элинин каражатына тургузулган.

Мечитти көргүсү келген туристтерге атайын аял киши үчүн ушундай кийим кийүүсү зарыл. Эгер кийген кийимдери жабык болсо бул кийимдерди кийүү шарт эмес.

Бугу-Эне зоопаркы — Кыргызстандагы жалгыз зоопарк Каракол шаарында жайгашкан. Учурда бул зоопаркта 34 түрдөгү 150гө жакын жаныбар бар.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Караколго келген туристтер бир гана шаардагы архитектуралык имараттарды көрбөстөн атайын теплоходго түшүп, көл үстүндө жүрүүгө турлар дагы уюштурулуп турат.

Жакында эле шаардагы Каракол суусунун жээгинде ачылган “River Park".



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!