12-октябрь: аба + 26 градуска чейин жылыйт

12-Окт. 2017, Бейшемби, 10:04

Бүгүн, 12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23;

Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +17...+22;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Баткен дубанында түнкүсүн +4..+9, күндүз +21...+26;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +14...+19;

Бишкек шаарында 12-14-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +20...+22 градус жылуу болот.

Ал эми 13-14-октябрда жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!