13-октябрь: аба + 27 градуска чейин жылыйт

13-Окт. 2017, Жума, 10:14

Бүгүн, 13-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25;

Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;

Баткен дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20;

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +17...+22;

Бишкек шаарында 13-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.

Ал эми 14-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир районондорунда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!