Президенттик шайлоо башталды

15-Окт. 2017, Жекшемби, 09:09

Президенттик шайлоого карата бүгүн, жергиликтүү саат 08:00дө добуш берүү тилкелери ачылып, республика боюнча жалпы 2375 шайлоо тилкеси ишин баштады. Ал эми өлкө сыртында бүгүн 37 шайлоо тилкеси иштейт. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

Расмий маалыматка ылайык, шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар болсо, анын 2 млн 908 миң 453 шайлоочу Кыргызстанда. Калган 18 миң 580 шайлоочу чет жерде.

Ошондой эле шайлоонун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктаган соӊ 2,5 сааттын ичинде белгилүү болуп калат. Бул бюллетендерди электрондук эсептөө боюнча борбордук серверге түшкөн маалыматтын негизинде жарыяланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!