Памирден келген этникалык кыргыздардын бирөө көз жарды

21-Окт. 2017, Ишемби, 16:03

Ооганстандын Памиринен көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздардын бирөө көз жарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 21-откябрдын таңында көз жарган этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алганы барган вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова эне жана баланын ден-соолугунун абалы менен таанышып, Жанбүбү Маматзайым кызын куттуктады.

Ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, Маматзайым кызы уул төрөп, учурда ымыркай кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

“Ымыркай бүгүн таңкы саат 6.25де төрөлдү. Анын салмагы 2 кг 485 грамм жана боюу 47 сантиметр”,- деди ал.

Белгилей кетсек, жакында эле вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуу Памирге кыргыз өкмөтүнүн делегациясын баштап барып, анда Ооганстандагы Кичи жана Уулу Памирлик кыргыздардын ичинен Кыргызстанга 6 үй-бүлөдөн турган 33 этникалык кыргызды билим берүү максатында Нарын районундагы Куланак айылына көчүрүп келген. Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Арасында кош бойлуу айым жана 1.5 жаштагы бала да бар. Учурда бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!