Есдаулет Маншук: “Курак – мен үчүн терапия, медитация”

27-Окт. 2017, Жума, 16:30

Курак - кол өнөрчүлүктө түрдүү түстөгү кездеменин, теринин, кийиздин, таардын өөнүнөн кураштырылып жасалган буюм. Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты катары сыпатталат. Курак кыздардын себинин негизин түзөт. Уздар мындан жууркан, төшөк, жаздык, көшөгө, табак кап, кашык кап, күзгү кап, чай туткуч, текче, дасторкон өңдүү буюмдарды жасашкан. Каттама курак, чий курак, тал курак, бөрү көз курагы, жылдыз курак деген аталыштары бар.

Заман агымына жараша курактан айымдар тагынчу аксессуарлар да жасала баштады. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө жаңылык киргизген каарманыбыз – Есдаулет Маншук Аманбай кызы. Боордош казак кызы кыргызга келин болгон. Учурда Бишкекте жашайт. Үч уулдун сүйүктүү апасы. Ал түрдүү кезмелерди курап айымдар тагынчу аксессуарларды жасап, социалдык тармактар аркылуу жарнамалап, Kozmonchok деген брендди ойлоп тапкан.

Курак куроо, андан сөйкө, моюнга тагынчу кооздуктарды жасоо каарманыбыз Есдаулет Маншук үчүн хобби, чоң философия, медитация жана терапия. Ал бул өнөргө кандайча кызыгып калганын айтып берди.

“Мен эки жыл мурун, кызыма кош бойлуу болуп жүргөн мезгилде таланттуу сүрөтчү Чолпон Аламанованын курак курсуна барып курак тигүү техникаларын үйрөндүм. Айымдар үчүн аксессуарларды жети айдан бери жасайм. Бара-бара бул ишим хоббиге айланып, кызыгуум күч алды”,-деди.


“Kozmonchok” брендинин идеясы - курактын сулуулугун, кооздугун айымдар үчүн тагынчактар менен жеткирүү болду. Көз мончок адамдын көзүн тартып жагымсыз энергиядан коргойт”


Кыргыз-казактын этникалык маданияты бир болгону менен казактарда көп нерселер унутулган. Кол өнөрчүлүк Кыргызстандагыдай кенен жайылган эмес.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!