Кыргызгидромет билдиргендей, 8-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Талас жергесинде +1…+4, күндүз +12…+17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+4, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -3… + 2, күндүз +7…+12;
Ал эми, Бишкек шаарында 2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +14…+16 градусту түзөт.