​9-ноябрь: айрым аймактарда жаан жаайт

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:03

Кыргызгидрометтин билдиргенине караганда, 9-ноябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+3, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн - 1… -6, күндүз +7…+12;

Чүй облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +12…+17;

Талас жергесинде -3…+2, күндүз +12…+17;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Ал эми, Бишкек шаарында 9-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +15…+17 градусту түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!