Бүгүн, 17-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +6...+11;
Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +6...+11;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз +1...+6;
Бишкек шаарында 17-19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.