Ат-Башыда үйлөрдү суу каптап кетиши мүмкүн

Ат-Башыда үйлөрдү суу каптап кетиши мүмкүн
8-Дек. 2017, Жума, 18:06

Ат-Башыда районунда жер алдынан чыккан суулардын сарындылары 150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда аталган райондогу Кара-Суу айылынын батыш тарабындагы “Аралбай-Саз” участогунан жер алдынан чыккан суулардын сарындылары айылдагы болжол менен 100-150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралган.

“Саркындылар чогулуп келип айылды аралап өткөн жабык типтеги дренаждын байкоочу кудуктары аркылуу кетип турчу. Бирок, аба-ырайынын төмөндөп жаткандыгына байланыштуу суулар тоңуп, тос (муз катмары) пайда болгондуктан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган”,- деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМнин куткаруучулары 100 даана капка топурак салып, 100 метр жерди тосуп, суунун нугун каналга бурушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!