12-декабрь: -17 градус суук болот

12-Дек. 2017, Шейшемби, 10:15

Бүгүн, 12-декабрда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12 күндүз +0...+5;

Талас дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +2...+7;

Баткен дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз +0...-5;

Бишкек шаарында 12-14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз +2...+4 градус жылуу болот.

Ал эми 13-декабрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Чүй, Талас жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-декабрда күндүз жана 14-декабрда жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!