13-декабрь: туман түшүп, -18 градус суук болот

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:05

Бүгүн, 13-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12 күндүз +0...-5;

Талас дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз +0...-5;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз +0...+5;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...-7;

Бишкек шаарында 13-15-декабрда жаан-чачын болбойт. Мезгил-мезгили менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз +0...-2 градус суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!