Январда -32 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө

13-Дек. 2017, Шаршемби, 17:03

2018-жылдын биринчи айында өлкөнүн көпчүлүк аймактарда суук аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, келе жаткан жылдын биринчи айында абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөндөйт. Бийик тоолуу өрөөндөрдө абанын температурасы -32 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарынды:

Келээрки жылдын январь айында абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 3...5 градус суук болот. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 5...7 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3...8 градус сууктан 10...15 градус суукка, күндүз 0...5 градус сууктан 3...8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Айдын үчүнчү он күндүгүнүн аягында абанын температурасы түнкүсүн 13...18 градуска суук болуп, күндүз 3...8 градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын жаашы күтүлөт (25-27 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарынды:

Бул облустада абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 5...7 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градус сууктан 12…17 градус суукка, күндүз 0…5 градус сууктан 2...7 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Айдын үчүнчү он күндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн 15...20 градус суукка, күндүз 5...10 градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-19 мм).

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында

Өлкөнүн түштүк жергесинде абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот. Кээ бир райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 2...4 градус суук, тоо этектеринде 3...5 градус суук болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус сууктан 8…13 градус суукка, күндүз 0…5 градус сууктан 5...10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (25-46 мм, тоо этектеринде 39-74 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарынды

2018-жылдын январь айында Ысык-Көл жергесинде абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 2…5 градус суук болот. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 6...8 грудус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градус сууктан 10…15 градус суукка, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 13…18 градус суукка чейин, күндүз 0...5 градус суук болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (2-9 мм, чыгышында 17-21 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Нарын дубанында болсо абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 14…16 градус суук болот. Кочкор районунда 8…10 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 18...23 градус, күндүз 5…10 градус суук болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-9 мм).

Жайыттар зонасы:

Алай өрөөнүндө январь айында абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 15…17 градус суук болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20 градус сууктан 21…26 градус суукка чейин жетет. Ал эми күндүз 5…10 градус сууктан 11…16 градус суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (19-21 мм).

Суусамыр өрөөнүндө болсо абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 20...22 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 20…25 градус сууктан 27…32 градус чейин жетиши күтүлөт. Күндүз 8…13 градус сууктан 15…20 градус суукка чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (16-18 мм).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!