Жаңы конуштарда аба канчалык булганды?

Жаңы конуштарда аба канчалык булганды?
18-Янв. 2018, Бейшемби, 12:55

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору абанын булганышы канчалык абалга жеткени жана анын кесепеттерин Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери менен биргеликте текшерүүгө алууда. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын четиндеги жаны конуштардын абасын адистер атайын өлчөөчү шаймандар менен текшерүүгө алууда. Абаны сордуруп,анын курамында канча чаң жана зыяндуу заттар бар экендигин аныктоо үчүн приборго алынган абанын үлгүсү атайын изилдөөчү лабораторияга жөнөтүлүп, үч күндүн ичинде аныкталат.

Инспекторлордун айтымында, жаңы конуштардын жашоочулары көпчүлүк учурда от тутантуу үчүн ар кандай синтетикалык жана желим заттарды пайдаланышат. Анын кесепетинен абага ар кандай уулу заттарды бөлүп чыгарууда.

Абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына көпчүлүк учурда адамдык факторлор себеп болууда. Тийиштүү ведомстволор менен иш алып барууда, абалды жөнгө салүү үчүн иснпекторлор жеке турак жайларга жана өндүрүш ишканаларына түтүн чыгарүүчү морлорго атайын чыпкалоочу каражаттарды орнотууну тапшырууда. Андыктан абал жөнгө салынмайынча текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!