Жээнбеков: "Аймактарды өнүктүрүү зарыл"

Жээнбеков:
23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:03

Бүгүн, 23-январда президент Сооронбай Жээнбеков “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылына” карата түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйынында Кыргызстанда аймактык лобби күчөдү деп айтты.

Өлкө башчы Кыргызстанда региондордун өнүгүүсүндө дисбаланс көп жылдардан бери жоюлбай келгенине токтолуп, аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсө айырмачылык андан ары дагы тереңдей турган болуп жатканын белгиледи.

Ал мамлекеттик бюджеттин кирешелери бир-эки шаарда гана топтолуп, жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү деген ойдо.

Бир аймак өнүгүп кетсе, экинчиси артта калганын айтып, муну кайсы аймак күчтүү болсо ал бюджеттик да, кредиттик да, гранттык да каражаттарды тартып кетип жатканы менен байланыштырды.

“Жашырганда эмне, кайсы реиондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүүсү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду”,- дейт Сооронбай Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!