​Катуу сууктан басып бараткан ит-мышыктар тоңуп калууда (видео)

​Катуу сууктан басып бараткан ит-мышыктар тоңуп калууда (видео)
24-Янв. 2018, Шаршемби, 12:07

Калың кардын үстүндө басып бара жаткан жеринен тоңуп калган үй жаныбарлардын видеосу интернетке тарады.

Тасмада көрүнүп тургандай, басып бараткан мышык менен иттин тоңуп калганын көрүүгө болот.

Учурда бул видео туралуу соцтүйүндүн колдонуучулары ар кандай билдирүүлөрдү калтырышууда. Анда кээ бири мышык эң төмөнкү аба ырайына чыдамдуу келгендиктен, бул мышыкты атайын эле тоңдуруп койгонго дешсе, кээ бири “Сыртта ит өлүп жатат”,- деген ушул, Астанада аба ырайы өтө эле суук болуп жаткандыктан жандыктарга убал болуп жатат дешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!