​Миңинчи ипотекалык насыя берилди

​Миңинчи ипотекалык насыя берилди
13-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргызстанда “Жеткиликтүү турак жай” программасы боюнча миңинчи ипотекалык насыя берилди. Экономика министрлигинде бүгүн миңинчи ипотека алуучуга сертфикат жана белек тапшырылды.

Салтанаттуу насыянын Бишкек шаарынын тургуну 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенген Айнагүл Балбаева алды. Ал 15 жылдык мөөнөткө жеке турак жай сатып алуу үчүн насыя алган. Ал бул программанын шарттарына макул экенин, өзү каалаган үйдү сатып алуу кыялы ишке ашкандыгын айтты. Эми ал ай сайын 33,5 миң сомдон төлөп турат.

Ага сертфикаттан тышкары телевизор жана чаңсоргуч белекке берилди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын март айынан бери аталган программа аркылуу 1 млрд. 200 млн сомго насыя берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!