“Ипотека”: 830 жаран үйлүү болду

“Ипотека”: 830 жаран үйлүү болду
21-02-2017

“Жеткиликтүү турак-жай” программасы боюнча учурда 830 жаран үйлүү болду. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйынында билдирди.

“Учурда “Жеткиликтүү турак-жай” программасы боюнча 830 жаран 991,5 млн. сомго турак жайлуу болду. 380 мугалим, 175 дарыгер, 25 маданият тармагынын кызматкери жана бюджеттик мекемелерде иштеген 227 кызматкер батирге ээ болду”,-дейт Шамкеев.

“Ипотекалык насыя өздүк турак-жайга муктаж болгон бюджеттен айлык алган кызматкерлерге гана берилип жатат. Атап айтканда, мугалим, дарыгер, маданият тармагынын кызматкери жана бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге берилди. Насыя МИК менен кызматташкан 12 банк аркылуу ишке ашырылып жатат”,-деп кошумчалап кетти ал.

Эскерте кетсек, “Жеткиликтүү турак-жай” программасы 2015-жылдан мамлекет тарабынан кабыл алынган.


Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!