​Ипотекалык насыя 7 пайызга чейин төмөндөйт

​Ипотекалык насыя 7 пайызга чейин төмөндөйт
19-Янв. 2018, Жума, 09:52

Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотеканын түзүмдөрү 7 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Бактыбек Шамкеев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугуусунда билдирди.

Мамлекеттик “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасын талкуулоо учурунда өлкө башчы мамлекеттик ипотка боюнча учурда иштеп жаткан пайыздык чендерди төмөндөтүү зары экени белгиледи.

Ипотекалык насыялоо программасын биринчи кезекте саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жанан социалдык түзүмдө эмгектенген жумушчулар пайдаланышы керек. Ошондуктан пайыздык ченди бекитүүдө кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жана социалдык-экономикалык шартын эске алуу керек. Бүгүнкү күндө коюлган 8-10 пайыздык түзүм бюджеттен айлык алгандар үчүн жогору болууда”,-дейт С.Жээнбеков.

Өлкө башчы ипотекалык насыяны биринчи этабында каржылоонун негизги булагы катары бюджеттик каражат экенине токтолуп, Каржы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык насыялоону үзгүлтүксүз жана толук каржылоо керектигин билдирди.

Өз кезегинде МИКтин жетекчиси ипотекалык насыянын түзүмүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү тапшырмасы каржылык мүмүкүнчүлүктөргө жараша аткарылып жаткандыгына токтолду.

Үстүбүздөгү жылы ипотекалык насыянын түзүмүн 7 пайызга чейин төмөндөткөнгө аракет кылабыз. Насыялоонун пайыздык чени келерки жылы 6 пайызга түшөт. Ушундай пайыздык чен менен 2017-жылы Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен үйсүз калгандарга насыя берилип жатат. Ушул багытта жалпы суммасы 100 млн. сомго барабар 345 насыя берилди. Биз үстүбүздөгү жылы баардык бюджетте иштегендерге 7 пайыздык чен менен бере баштайбыз”,-дейт Б.Шамкеев.

Ошондой эле өлкө башчы бюджеттен тышкары иштеген жарандарга да насыя берүү боюнча тапшырма берди.

“Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюжеттен тышкары иштеген жарандарга 12-14 пайыздык чен менен насыя берүү үчүн ресурстар пайда болот. Ошондой эле калктын ушул категориясындагы насыяны мүмкүндүккө жараша төмөндөтүүнү караштырабыз”,-дейт Б.Шамкеев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!