Көп акча коротпой кантип саркеч кийинүүгө болобу?

Көп акча коротпой кантип саркеч кийинүүгө болобу?
26-Апр. 2018, Бейшемби, 11:17

«Адамдын көркү-чүпүрөк». Кимдин гана болбосун саркеч кийинип, сулуу болгусу келет. Ошентсе да, өнүккөн бул заманда «сулуулук» каражатты керек экени чындык. Ообо, ал өз алдынча, бирок, көп акча коротпой саркеч кийинсеңиз да болот.

Туура акцент жасаңыз

Эгер мүмкүндүк жок болсо, кымбат кийимдерди сатып алып, акыркы модага ылайык кийинүүнүн кереги жок. Сиздин образыңызда модалуу көрүүнү үчүн белгилүү бир аксессуарга акцент жасаңыз. Шарф, сумка, кур, сөйкө, билерик, көз айнек аркылуу стилдүү боло алабыз.

Табигыйын тандаңыз

Баасы арзан экен деп начар кездемеден тигилген кийимди ала бербеңиз. Кийим аларда эң биринчи табигый кездемеден жасалганын байкаңыз. Анткени, кездеме, жүн, жибек сыяктуу материалдар өтө модалуу, баалуу, ошондой эле, бир нече жыл кийүүгө болот.

Акыл менен чечим кабыл алыңыз

Саркеч кийинемин деп акыркы трендтеги кийимдерге ашык боло бербеңиз. Ал барибир кийинки жылы модалуу болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан ойлонуп, так чечим кабыл алганыңыз оң. Мисалы, кара көйнөк, классикалык шым сыяктуу кийимдер милдеттүү түрдө гардеробуңузда болсун.

Ошондой эле, өзүңүздө болгон кийим менен кийүүгө боло турган жарашыктуу кийимди сатып алып туруңуз.

Жеңилдетүүлөр менен сатып түгөтүүлөрдү калтырбаңыз. Каалаган кийимиңизди жылдын аягында же майрамдардын алдында арзан ала аларыңызды билиңиз.

Сиздин оюңуздагы кийим кымбат турган болсо, анда аны 5 эсе арзан баада тиктире аласыз. Ал үчүн жакшы бир тигүүчү болгону жөн. Ал эми эгер ийне-жип менен жакшы дос болсоңуз, ада арзан жана модадан арта калбай кийине алаарыңызды унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!