Кыздардын ден соолугуна зыян кийимдер

Кыздардын ден соолугуна зыян кийимдер
15-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүнкү күндө кыз-келиндер денеге жабышкан кийимдер менен көлөмү чоң аксессуар буюмдарын такканды жакшы көрүшөт. Бирок,алардын да зыяны бар экенине маани бербей келишет. Кыз-келиндердин ден соолугуна зыян алып келүүчү кийимдердин топтомун сунуштайбыз.

Кыскан шымдар

Каттуу жабышкан шымдар бүгүнкү күндө модага айланган.

Бирок, аны ар дайым кийип жүргөндөрдүн кан айлануусу начарлап, варикоз жана тамак сиңирүү системалары ооруга учурап калуусу мүмкүн.

Бийик такалуу бут кийимдер

Муун оорулары, тамандын ооруксунуусу менен остеоартроз дарттарын бийик такалуу бут кийим кийгенди жакшы көргөн кыздарда көп кездешет. Ошондуктан бийик такалуу бут кийимдерди тез-тезден жана узак убакытка кийбегенге тырышыңыз.

Оор сөйкөлөр менен чынжырлар

Оор жана көлөмү чоң болгон сөйкө тагылган кулакты хирургдун жардамы менен гана түздөөгө мүмкүн болон жагдайга чейин алып келет. Оор чынжырлар моюн бөлүгүндөгү узакка созулган дартка чалдыктырат.

Моюну тар кийимдер

Өз кийиминин кесепетинен турдүү ооруга аялдар гана учурашпайт. Мырзалардын 67 пайызы жакасы кичинекей көйнөктөрдү же водолазкаларды алышат. Мындай кийимдерди кийүүнүн аягы көздүн кысымы, баш оору жана арка менен моюндун тартылышып ооруп калуусуна алып келет.

Начар тандалган бюсгальтер

Көлөмү туура тандалбаган же туура тигилбеген бюсгальтерлер арка менен көкүрөктү оорусунан башка теринин кургатып, жара кылып жиберет.

Вьетнам бут кийими

Бул бут кийимдер буттун жара болуп кетүүсүнө алып келет. Мындай кийимдердин таманы каттуу болгондуктан, түндө уктаган кезде буттарыңыз катуу какшап оорусу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!